Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы Араван районунда

     2017-жылдын 5 –октябрында Араван  районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы өткөрүлдү.Салтанаттуу майрамдык кече районубуздун борборундагы «Алтын ордо» ресторанында уюштурулуп: ага  Араван райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысы  аким  Курбанбек  Айтибаев, Жогорку  Кенештин  депутаты  Илхам Абдымананов, экс-  депутат   Өмүрбек Бакиров, айыл өкмөттөрдүн  башчылары катышышып, каалоолорду айтышып, баалуу белектерин тапшырышты. Мугалимдер майрамына карата уюштурулган иш чарага 200 окутуучу  чакырылды.

    Билим берүү  мыйзамынын 32-беренесине  ылайык мектептерге  жаӊы келген 11 жаш окутуучунун ар бирине 3000 (үч миӊ)  сом өлчөмүндө жөлөк  пулду айыл  өкмөт башчылары  таgшырышты.

    Мугалимдер майрамына арналып уюштурулган иш чаранын   уюштуруучусу болуп демилгени Араван райондук  профсоюз  комиттети  өз колуна алды. Ар бир кечеге катышкан окутуучуларга райондук профсоюз  комитети  баалуу  белектер менен сый  тамак  уюштурулуп  берилди.  

       Чакырылган  меймандар  райондук  профсоюз  комитетине  тереӊ  ыраазычылык  билдиришти.