Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин ден соолугун чыӊдоо максатында Токтогул райком профсоюз комитети даярдык көрүүдө

       13-14-июнь  күндөрү  Токтогул  райондук  кесиптик  бирлик комитети мугалимдердин ден  соолугун  чыӊдоо  максатында  кам көрүү иштерин  жасап  бүтүрүштү.  Тактап  айтканда  билим  берүү  кызматкерлерине  өргүү  убагында  жыл  сайын  бээнин сүтү  менен  даарыланууга  «Чычкан»  капчыгайынын

  «Ак-Кол» жайлоосунда  райком профсоюз  комитети  тарабынан  шарт  түзүлүп, жыл  сайын  мугалимдерге  үч  даана   бооз үйлөрү  тигилип  келген.

     Бул  жылы  бээнин  сүтү  менен  ден соолугун  чыӊдоого каалочулардын  саны  өскөнүнө  байланыштуу   райком  профсоюз комитети  «Итагар» жайлоосунда  да   бооз  үйлөрдү  тигип  мугалимдерге  шарт  түзүп  берүүгө  кам көрүүдө. Азыркы  учурда  «Итагар» жайлоосунда  3  даана    бооз үйлөрү   тигилип  бүтүп  мугалимдерге  жатакана  маселеси  чечилди.  Сүт  бере  турган  жылкычылар да   сүт саап  берүүгө  толугу  менен  даяр  экендиктерин билдиришти.  Буйруса  мугалимдердин  бээнин  сүтү менен  ден соолугун  чыӊдоого  бардык  шарттар  түзүлүп,  даарылануучулардын  биринчи  агымынын  тосуп  алууга  толугу  менен  даяр.