Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин туризм, край-таануу боюнча семинары

Бүткүл дүйнөлүк  туризм күнүнө карата Ош областында мугалимдердин XXXII туристтик слету болуп өттү. Слет Араван районундагы Чиль-Үстүн үңкүрүнүн базасында уюштурулду. Туристтик семинарга областтын райшаардагы балдардын чыгармачылык борборунан тандалган командалар келишти. Ага Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, Араван райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Б.Турдубаев, областтык балдардын чыгармачылык борборунун директору Р.Назаров, Араван районрдук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Мамасаидов,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Акматалиев жана райшаарлардын балдардын чыгармачылык борборлорунун директорлору катышышты. Семинар-слеттун  жыйынтыктоочу күнүндө жеңүүчүлөр областтык кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты. Жалпы командалык эсепте Араван району I орунду, Алай району  II орунду,  Ноокат району III орунду ээлешти.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети