Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин спортакиадасынын райондук туру болуп өттү

Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти C.Жээнбеков тарабынан жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жылынын» иш чараларынын алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук профсоюз комитетинин демилгеси менен 2019-жылдын 17-апрель күнү мугалимдердин спортакиадасынын райондук туру болуп өттү. Иш чаранын ачылышына Кадамжай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеме иш-каналардын жетекчилери, Кадамжай райондук спорт мектебинин жамааты, жана райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу меткептерден келген мугалимдер катышышты. 

Мелдеш Кадамжай райондук спорт клубунда өтүп, катышуучулар кызыктуу оюн көрсөтүштү. Иш чаранын жыйынтыгында катышуучуларга профсоюз комитети тарабынан ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылып, мелдештин райондук турунда женүүчү деп табылган команда областтык спортакиадага жолдонмо алды.

 

Материалды  даярдаган: 

Ф.Ажиева