Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин саякаты

2023-жылдын май айында Аксы районунун Кызылжар айылындагы №34 Н.Мешков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кесиптик бирлик уюму жана мектептин администрациясы жакшы жетишкендиктерге жетишкен окуучулардын мугалимдерин ордолуу Ош шаарына эки күндүк саякатка чыгарып келди. Бул саякатка кеткен чыгымдар кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан бөлүнүп берилди. Саякатка чыгып келген мугалимдер мектептин кесиптик бирлик уюмунун төрайымына жана ошондой эле райондук комитетке ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети