Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин райондук спартакиадасы - 2018

Кара-Буура райондук билим кызматкерлер просоюзунун уюштуруусу менен өлкөбүздүн президентинин жарлыгы «Региондорду өнүктүрүү» жылында «Дени сак улут, өнүккөн аймак» деген ураан менен мугалимдердин райондук спартакиадасы өткөрүлдү. Бул спартакиадага райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 26 орто мектебинин билим кызматкерлери катышышты. Спартакиаданын ачылыш аземи Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын астынды өткөрүлдү. Ачылуу аземине раймамадминистрация башчысы аким Б.Сыдыкназаров, акимдин орун басары С.Карбозова, Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнөн башчысы Д.ЖУмабеков жана жаш өспөрүмдөр спорт мектебинин директору А.Кутманалиевдердин катышуусу астында уюштурулду. Аземди жыйынтыктап жатып спартакиаданын катышуучуларын районбуздун борборунда жайгашкан М.Орозбеков, Ж.Субанбеков жана Манас орто ментептеринин спорт залдарына бөлүштүрүлүлдү. Спорт оюндарынан волейбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол, мини футбол оюндары ойнотулду. Ар бир оюндун түрүнөн женген командарларга грамоталар, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Четки аймактан келип оюндун түрлөрүнө активдуу катышкан жаш жана мыкты, ардагер, оюнчуларга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми бардык оюндун түрлөрүнөн катышып утушка ээ болуп 1-орунду ээлеген команда Акымбеков М.ат. орто мектебиден табылып кубок, грамота, акчалай сыйлык ыйгарылды. Ал эми 2-орунга Ж.Субанбеков ат. ом., 3-орунга Т.Айтматов ат. орто мектеби деп аныталып утушка ээ болгон командаларга грамота, жана да акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бардык катышуучулар тамак менен камсыз болушту. Спартаиада аябай кызыктуу жана уюшкандыкта өткөрүлдү.