Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин күзгү эс алуусу

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитети 2022-2023-окуу жылынын күзгү каникул мезгилинде райкомдун бюджетинин эсебинен “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясына 6 жолдомо, “Ысык-Ата” санаториясына 6 жолдомо алынып берилди. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинен “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясына 2 жолдомо бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө 16 мугалим, тарбиячылар ден соолуктарын чындап, көңүлдүү эс алууда. Эс алып жаткан билим берүү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине жана кесиптик бирликтин райондук комитетине  ыраазычылыктарын билдирүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети