Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин короновируска каршы аракеттери.

Мугалимдердин короновируска каршы аракеттери.

    Кызыл-Кыя шаардык профсоюз комитетинде бүгүнкү күндө 14 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 13 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Бул билим берүү мекемелеринде 469 мугалим жана 96 тарбиячы эмгектенип келүүдө.

    Учурда карантин киргизилгендигине байланыштуу билим берүү мекемелери аралыктан окутуунун негизинде мектепке чейинки жаштагы балдарга жана мектеп курагындагы балдарга билим, тарбия беришүүдө.

    Бул багытта Кызыл-Кыя шаары боюнча окуучулар жана тарбиялануучулар онлайн сабактарды мурдагы күндөргө караганда активдүүлүк менен көрүп, окуп жатышат. 

    Мугалимдер жана тарбиячылар балдар, окуучулар менен негизинен WhatsApp, Telegram Web мессенджерлери, You Tube каналындагы шилтемелер аркылуу көрүлгөн сабактардын негизинде кайтарым байланыш жасап жатышат. 

    Ал эми айрым мугалимдер интернеттин ылдамдыгы аздыгына карабай Zoom программасы аркылуу бир убакта бир нече окуучулар менен байланышып, сабакта өтүлгөн материалдарды бышыкташууда. 

    Мектеп жетекчилиги да окуучулардын билим алуусуна колдон келишинче шарт түзүшүп, сыналгысы жок үй-бүлөлөргө башка мүмкүнчүлүгү кеңири үй-бүлөлөр менен кеңешип, сыналгы менен камсыздап, окуу жараяны үзгүлтүккө учураган жок.

    Мындан тышкары шаардын 12 мектеби электрондук күндөлүк менен иштеп жатышкандыгына байланыштуу, аралыктан окутуу мугалимдер үчүн кыйынчылыктарды жараткан жок, ошондой эле санариптештирүү жылынын алкагында педагогикалык кызматкерлер ноутбуктар менен камсыздалышып, сабактарда окутуунун техникалык каражаттары менен үзгүлтүксүз пайдаланып иштеп келишкендигине байланыштуу, аралыктан окутууда көйгөйлөргө учурашкан жок.

    Ар бир мектептин жетекчилери “Альфа телеком” жабык акционердик коомунун мугалимдер үчүн “Мугалим 150”, “Мугалим”, “Мега 24” деген тарифтери камтылган акысыз симкарталары менен мугалимдерди камсыздашты.

    Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан мугалимдерди колдоо максатында ар тараптан материалдык жана моралдык жардам берилип жатат, ошондой эле аз камсыздалган профсоюз мүчолорү үчүн жардам берүү маселеси каралып, президиумдун чечиминин негизинде 50 мин сом акчалай жардам берилди.