Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин колдоочусу болгон профсоюз уюмунун кесиптик майрамы белгиленди

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кесиптик майрамы Таш-Көмүр шаарында жогорку деңгээлде белгиленди. 18-октябрь күнү  профсоюздун Таш-Көмүр шаардык комитетинин аппараты атайын иш сапар менен билим берүү мекемелерин кыдырып, профсоюздун баштапкы уюмдарынын башчыларын куттукташты. Майрамга карата концерттик программалар уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды. №9 А.Осмонбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысы Кожонова Мухабатханга  “Билим берүү жана илим кызматкелеринин профсоюзунун отличниги “ төш белгиси ыйгарылды. Ошондой эле  “Керемет” бала бакчасынын тарбиялануучулары өздорунун чакан концерттик программаларын тартуулашты. Жалпы шаардык комитеттин курамындагы 29 мугалим  “Ардак грамоталар” жана белектер менен сыйланышты.

 

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева