Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ ӨТТҮ.

Баткен шаарындагы  Салкын-Төр кафесинде өткөн мугалимдердин кесиптик майрамына арналган  майрамдык кечеге алдыңкы мугалимдер катышты. Майрамдык кечени Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана натыйжалуу эмгектенип жатышкан 2 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, 1  мугалим  Билим берүү жана илим министрлигинин  Ардак грамотасы  жана 3 мугалимге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы, 4 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагасы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Баткен облустук комитетинин Ардак грамотасы жана  райондук кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

бирлигинин Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси