Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы өткөрүлдү.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү жана билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети 2020-жылдын 5-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына иш чара өткөрүштү. Анда алдынкы мугалимдер “Ардак грамота” менен жана райкомпрофсоюз тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин “Ардак грамотасы” менен 9 мугалим, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен обласстык комитетинин “Ардак грамотасы” менен 14 мугалим жана билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин “Ардак грамотасы” менен 32 мугалим сыйланышты. Ошондой эле сыйлык менен сыйланган бардык мугалимдерге Кадамжай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов тарабынан акчалай сыйлыктар менен да сыйланышты. Иш чарага келген мугалимдер ыраазычылык билдиришип кетишти.

 

 

Материалды даярдаган Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Кадамжай райондук комитетинин уюштуруучу адиси:

Кошатова Айзирек Сүйүновна.