Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик денгээлин өстүргөн райондук семинар

Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда № 16 С Акбаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде технология предмети боюнча райондук семинар болуп өттү .

Райондук семинарда аталган мектептин технология мугалимдери М Файзуллаева 4- класста “Подделки из ватных дисков “, М Хусанова “ Художественное оформление поздравительные открытки конверты “ , М Хамидова 5- класста “Жумурткадан даярдалуучу тамактар “, М Ахмарова 7 – класста “ Мөмөлөрдөн жана жемиштерден пайдалануу “ деген темаларда сабактарды өтүшүп семинардын катышуучулары менен өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүштү .

Райондук семинар технология сабактарын окутуу боюнча мугалимдердин кесиптик денгээлин өстүрүүгө өбөлгө түздү .  

 

Материалды даярдаган:

 Сузак ПРКнын кызматкери 

     Э.Аназаров