Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кеңешмеси Ала-Бука районунда өткөрүлдү

2021-жылдын 10-сентябрында райондун борборундагы маданият үйүндө Ала-Бука районунун мугалимдеринин кеңешмеси “Сапатуу тарбия берүү жана окутуу – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” деген маселеге арналды. Кеңешмеге райондогу мектептердин жана балдар бакчаларынын жетекчилери, райондогу алдыңкы мугалимдер жана айыл аймактарынан коноктор чакырылды. Эртең менен борбордук маданият үйүнүн алдында музыка жаңырып, катышуучулар, мугалимдер мектеп жана балдар бакчалары тарабынан уюштурулган көргөзмөнү көрүштү. Балдардын чыгармачылык мектеби тарабынан уюштурулган концерттик програма берилди.

Кеңешмеде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова 2020-2021-окуу жылына даярдык боюнча толук маалымат берип, жетишкендиктерге токтолду.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Жунусалиева билим берүү тармагында быйылкы жыл жемиштүү болгондугуна токтолуп, жараткан ийгиликтери үчүн райондун акиминин ыразычылык катын тапшырды. Андан кийин ардагер мугалимдер, жаш мугалимдер жана жетекчилер күн тартибиндеги маселе боюнча ой-пикир бөлүшүштү.

Конференциянын үчүнчү бөлүгүндө 2020-2021-жылдын жыйынтыгы боюнча байгелуу орунду алган мектептер, балдар бакчалары райондук билим берүү бөлүмүнүн, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитетинин Ардак грамоталары, белектери менен сыйланышты. “Жашыл мектеп” акциясына катышып, жакшы жыйынтыкка жетишке мектептер да сыйланышты. Жалпы он жети мектеп, алты балдар бакчалары сыйланды. Жалпы каражатты райондук кесиптик бирлик комитети каржылады.

Кеңешмеде 2021-2022-окуу жылында билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерге кайрылуу кабыл алып, кеңешме ишин жыйынтыктады.

 

Маалыматты даярдаган: уюштуруу тобунун мүчөсү  Ашырмамбет Уулу Алмаз