Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин эс алуусу жакшы өтүүдө

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан Тоң районундагы "Красная Гвоздика" ден соолукту чыңдоо борборунда билим берүү кызматкерлеринин эс алуу сезону башталды. Ал кесиптик бирликтин бюджетинин эсебинен уюштуруп, азыркы учурда 5 күндүк эс алууга Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунан жана Балыкчы шаарынан 72 мугалим келишти. Ал эми 19-24-июнга Ысык-Көл, Тоң райондорунун, Каракол шаарынын жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун педагогикалык кызматкерлери эс алышат. Борбордук комитет тарабынан сентябрь айына чейин ушул көл жээгине бардык областтардан мугалимдердин эс алуусу каралган.

Аларга эс алуу менен бирге билим берүү тармагына тиешелүү болгон мыйзамдар, кесиптик бирликтин укук жана милдеттери тууралуу семинар-окуулар өткөрүлөт. Эс алуу борборунда алар үчүн бардык шарттар каралган, үч маал тамагы, күн сайын Кажы-Сай шаарчасындагы ысык сууга баруу. Ушунун баары кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан уюштурулган.

Ошондой эле эс алуучулар Туздуу-Көл, Сказка, Манжылы-Ата, Барскоон шаркыратмасына экскурсияга барып келишти. Экскурсияга чыккан учурда кесиптик бирлик комитети тарабынан барып келгенге унаа, тамак-аш уюштурулган.

Мугалимдер эс алууну жогорку деңгээлде уюштурган Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине, анын төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Жети-Өгүз райКБКнын төрагасы Ө.Молдокматов