Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин балдарынын эс алуусу ийгиликтүү башталды

Жалал-Абад обкомунун “Жайкы эс алуу-2022” иш-чараларын ишке ашыруу үчүн КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан мугалимдердин балдарын эс алуусун уюштурууга Жалал-Абад обкомуна 3 млн. сом каражат бөлүндү. Ага 527 жолдомо алынып кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн санына жараша райшааркомдорго, окуу жайларга, баштапкы уюмдарга областык комитет тарабынан  бөлүнүп берилди.

Балдардын эс алуулары Жалал-Абад областындагы Аксы районунун “Сары-Челек”, Токтогул районунун “Өйүш-Булак”, Кара-Көл шаарынын “Кайынды”, Көк-Жаңак шаарынын “Арууке”, Базар-Коргон районунун “Арстанбап-Ата” турбазасынын балдардын ден соолугун чыңдоо боборборлорунда 15-июлдан баштап графиктин негизинде эс алуулар уюштурула баштады.

Азыркы күндө Ала-Бука, Аксы райондорунун мугалимдеринин балдарынан 145 бала Аксы районунун “Сары-Челек” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс  алышууда.

Кесиптик бирликтин райшаардык лидерлери тарабынан балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрмөлөр берилип, тарбиячыларга жоопкерчилик милдеттери  тапшырылды. Мугалимдер кесиптик бирликтин Борбордук комитетине жана  облрайшааркомдорунун төрагаларына ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров