Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин август кеңешмеси.

Мугалимдердин август кеңешмеси.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүүчү уюмдарынын август кеңешмеси 2020-жылдын 24-августунда, кырдаалга жараша онлайн форматта “Санариптик билим берүү-өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы” деген аталышта өткөрүлдү. Кеңешмеге Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы Б.С.Козуев, Жалал-Абад областык усулдук билим берүү борборунун жетекчиси А.Токтосунов, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, аппарат мүчөлөрү, райондогу 66 мектеп, 38 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты. Конференцияда жетекчилер педагогторду жаңы 2020-2021-окуу жылы менен куттукташты.