Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин 2021-2022-жаңы окуу жылына карата усулдук секциялык иш күнү

Билим берүү жаатында мугалимдердин иш тажрыйбасын өркүндөтүү жана билим сапатын жогорулатуу максатында предметтер боюнча мугалимдер арасында усулдук секциялык иш күнү №30 Ө.Атабекова инновациялык-гимназия мектебинде болуп өттү.

Мектеп  жана бала бакчалардын  директорлорунун,  окуу бөлүм башчыларынын, кыргыз тили жана адабияты,  кыргыз , орус, өзбек тилдүү мектептеринде, башталгыч класстардын мугалимдеринин, өзбек тили жана адабияты, орус тили, англис тили мугалимдеринин, календардык план, 480 сааттык даярдоо программалары  боюнча  усулдук секциялык иш күнү мамлекеттик стандарттын негизинде өткөрүлдү. Ошондой эле  бала бакча тарбиячылары, ашпозчулары жана медайымдары да жаңы маалымат алып кетишти.

Семинарга Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, окуу усулдук кабинетинин методистери жана райондогу педагогдор катышты. Жетекчилер жана адистер ар бир предметтик секцияларга киришип, жаңы окуу жылынын программалары менен таанышып, мугалимдерге ийгилик каалашып, жаңы маалыматтар менен педагогдорду кабардар кылышты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов