Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерди ас алдыруу – профсоюздун милдети

       Ноокен райондук билим илим кызматкерлеринин кесиптик бирдик комитети мугалимдердин эс алуусуна өзгөчө көңүл бурууда. Комитет “Кочкор-Ата” санаториясы менен келишим түзүп, жыл бою райондогу мектептерде иштеген агартуу кызматкерлерин кезеги менен эс алдырып келүүдө.

      Бул мугалимдердин арасында жылуу пикирлерди жаратып, эс алуучулар кесиптик комитетке ыраазычылыгын билдиришти.

     “Мугалимдер ал жерде ден соолугуна кам көрүп, эс алуу менен гана чектелбестен, мугалимдердин арасында ишке болгон кызыгууну, эмгегинин бааланып жаткандыгы да сезишет экен. Талыкпай мыкты эмгектенсең бир күнү профсоюз тарабынан эске алына тургандыгын билдим” дейт эс алуучулардын бири Дарманкулова Анара.

     Бул иш мындан ары да колго алынып, үзгүлтүксүз райондогу билим саяпкерлерин эс алдыруу улантылып келе бермекчи деген оюн билдирди комитеттин төрагасы Кубанычбек Кадарович Нышанов.