Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерди жайкы эс алуулары көңүлдүү өтүүдө

Тогуз-Торо районундагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери “Ой-Кайың” жайлоосунда мектептин профсоюз уюмунун төрагасы Бозжигитов Айбектин демилгеси менен бир күндүк эс алуу уюштурулду. Мындай эс алуулар жыл сайын профсоюз тарабынан уюштурулуп келет.     Эс алууга  райондук профсоюз комитети тарабынан колдо көрсөтүлдү. Мындай эс алуулар мугалимдердин ден-соолугуна жана иш жөндөмүнө  таасирин тийгизет эмеспи. Көз жоосун алган жаратылыштын таза абасынан дем алышып, жыл бою иштеп, чарчаган мугалимдер эс алып, жаратылыш койнунда болушту. Эс алып келген мугалимдер өз ыраазычылыктарын билдиришип профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө жана мындан кийинки эс алууларды уюштуруу иштерине ийгилик каалашты. 

Тогуз-Торо райком пофсоюзу

 

Материалды даярдаган:

Ажибаев Залкарбек