Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер окуу жылын көңүлдүү аякташты.

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарындагы Т.Уметалиев атындагы №6 орто мектебинде мугалимдер жамааты менен бүтүрүүчүлөр арасында «Кош талант» деген аталыштагы концерт уюшулду.Концерт мектептин профкому ,профсоюз кыймылынын отличниги М.Картаева жана окуу бөлүмүнүн башчысы Ч.Бокошова тарабынан түзүлүп өткөрүлдү. Максаты маданий-массалык эс алууну уюштуруу жана мугалимдерди эмгек өргүүсүнө көңүлдүү узатуу болду1 мугалим1 окуучудан турган концерттик программада мектеп директору А.Дюйшебаев тарабынан «Балдар бакчада деген ыры,тарбиялык завуч Н.Макелеева «Жаман адам жакшы адам» тамашалуу пародия, мугалимдер жамаатынан Д.Тургунбаева,К.Эсенова,К.Карабекова К.Мусабаева,М.Картаева »Жөжөлөрүм»,»Ак куу»бийлери,башка улуттун бийлери,»Келесиңби жан эркем»,»Кызыл өрүк»,»Гүлдөй жан»,»Сагындырба»,»Ырдайлы,достор,ырдайлы»ж.б аттуу ыр-бийлер аткарылды. Ошентип,мугалимдер жамааты,көрүүчүлөр көңүлдүү эс алуу менен окуу жылын жыйынтыкташты.