Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулашты

3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы №2 К.Закиров атындагы орто мектебинин эмгек жамааты "Максимус" балдар ойноочу борбору менен биргеликте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 20 өспүрүмгө майрамдык маанай тартуулап, белектерди тапшырышты.

Бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.

Жалал-Абад шаарында бул категориядагы жарандар тарбиялаган жана жашаган реабилитациялык борбор, балдарды калыптандыруу борбору жана үй-бүлө тибиндеги балдар үйү иштеп келет. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 400гө чукул ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков