Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча окуудан өтүштү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан “Медиа жана маалыматтык сабаттуулук” боюнча семинар-тренингине уюштурулду. Ага шаардагы 40 мугалим катышты.

Семинарда маалымат булактарын ылгоо, фейк маалыматтардан арылуу жана кибер чабуулдардан оолак болуу боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шааркомунун төрагасы М.Мамасыдыков аталган иш-чара боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

“Азыркы учурда маалымат айдыңдарында көбөйүп жаткан туура эмес маалыматтардан арылуу жана фейк маалыматты таратпоо, ошондой эле маалыматтын түрлөрү боюнча окутуп жатабыз. Мындай маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Мындан ары Областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Исмаилов менен биргеликте обкомдун иш планына ылайык башка райондук, шаардык профсоюз комитеттеринде да өткөрүү пландалууда”.

Интернет булактарында (фейсбук, инстаграм, мессенжерлер) айрым учурларда фейк, жалган, такталбаган туура эмес маалыматтар таралат. Андай көрүнүштөргө жол бербөө, туура маалыматты таратуу жөнүндө сөз болду. Семинардын соңунда катышуучулар Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыктарын айтышты.

Өткөрүлгөн иш-чараны ютуб каналында төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрсөңүздөр болот.

https://www.youtube.com/watch?v=pftfBFwIi0w

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети