Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер күнү

Кочкор районунда мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат  2-октябрь күнү Хан ордо кафесинде ѳткѳрүлдү. Салтанатка Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Э.Садыкова, райондук билим берүү бѳлүмүнүн мурдагы жетекчилери А.Осмонов, В.Турдукулова, И.Садырбаев, Ш.Мадабаева, айыл ѳкмѳт башчылары, банк кызматкерлери, кѳп жылдар бою мектепте иштеп азыркы мезгилде ардактуу эс алууда жүрүшкѳн ардагер эжей-агайлар, мектеп жана бала бакча жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячылар катышты.

Салтанаттын ачылышында  райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков аткарылып жаткан иштер, мугалимдердин жетишкендиктери жѳнүндѳ айтып, кесиптик майрамы менен куттуктады  жана 18 мугалим Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгиси, 19 мугалим  Ардак грамоталар  менен сыйланышса, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» тѳш белгиси  менен 2 мугалим,  Ардак грамотасы менен 2 мугалим сыйланышты.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен 11 мугалим, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы менен 43 мугалим жана тарбиячылар, педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун  акчалай сыйлыгы менен 70 мугалим жана тарбиячылар  сыйланышты. «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын Ардак грамотасы менен 14 мугалим, Кочкор райондук ички иштер бѳлүмүнүн Ыраазычылык каты менен 2 мугалим сыйланышса, РСК банк тарабынан баалуу белектер тапшырылды.  Мындан тышкары айыл ѳкмѳт башчылары ѳзүнүн аймагындагы мектептердин жана бала бакчалардын мугалимдерине жана тарбиячыларына Ардак грамоталарды, акчалай сыйлыктарын тапшырышса, Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Б.Акишов Ш.Абдылдаев атындагы орто мектепке 220 000 сомго ашкана жабдууларын, А.Бостонов атындагы орто мектебине 140 000 сомго музыкалык аппаратура, интерактивдүү доска, компьютер жана түстүү принтер айыл ѳкмѳтүнүн эсебинен алып бергендигин, ал эми Арсы орто мектебине спонсор тарабынан 10 компьютер белек кыларын баса белгиледи. Мектептерге жана бала бакчаларга материалдык жана моралдык колдоо кѳрсѳтүп иш алып барууда кѳптѳгѳн ийгиликтер жаралып жаткандыгын белгилеп ар бир айыл ѳкмѳт башчылырына жана эмгек жамаатына Райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан Ыраазылык каттар тапшырылды.

Гитарист-иллюзианист Мисип Иптаров ѳз ѳнѳрүн кѳрсѳтүп, салтанаттын катышуучуларын майрамы менен куттуктады.

 

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы