Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мугалимдер күнү» Кара-Суу районунда жогорку денгээлде өттү

      2018 - жылдын 4-октябрь күнү Кара-Суу райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов Тилекбек Исмаиловичтин, социалдык иштер боюнча орун басары Жороева Мехринса Өсөровнанын, ишкана мекемелердин жетекчилеринин, айыл аймактардын башчыларынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын кызматкерлеринин жана билим берүү  мекемелеринде эмгектенип жаткан 300 дън ашуун  чыгармачыл, эн алдынкы мугалимдерди, мектепке чейинки билим берүү  уюмдарынын тарбиячылырын, тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарларын  жана иштеп жаткан 21 «Баатыр энелердин»   катышуусунда мугалимдердин кесиптик майрамы  жогорку денгээлде  уюшкандыкта белгилеп  өткөрдү.

       Майрамдык шан концерттик программалар менен коштолуп, ыраазычылык сөздөр, каалоо-тилектер айтылды.

       Райондогу чыгармачыл, эн алдынкы мугалимдерге жана окуу бөлүмүнүн  башчыларына Кыргыз Респуликасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин «Профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгиси, Ардак грамотасы, Ош областык билим, илим кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин Ардак грамотасы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн  Ардак грамоталары  тапшырылды.

      Билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук  кесиптик бирлигинин  комитети тарабынан майрамдык кечеге катышкан билим  берүү кызматкерлерине баарына баалуу белектер берилип, өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар жана «Ардактуу мугалим», «Ардагер мугалим» номинациялары боюнча төш белгилер  менен сыйланышты.