Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер көңүлдүү эс алып келишти

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитети мугалимдердин эс алуусун уюштуруу максатында “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясы менен эки тараптуу келишим түзүшкөн. Анын негизинде райондун билим берүү кызматкерлери бир жума эс алышып, ден соолуктарын чыңдап  келишти.

Эс алууну уюштурууга райондук кесиптик бирлик комитетинен 100 500 сом бөлүндү. Эс алуу абдан жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Ажыбаевге жана “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын жетекчилигине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Иманберди уулу Иса атындагы №3 орто мектебинин КБК төрагасы  У.Мааткеримов