Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер эс алышты

Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Үмөталиев мектебинин жамааты быйылкы окуу жылын ийгиликтүү аяктоо менен эмгек өргүүгө чыгуу астында жамаат жагымдуу эс алууга барып келишти. Кесип бирлик уюмунун комитети тарабынан  бул эс алуу коңшулаш  Өзбекстан мамлекетинин Наманган шаарына белгиленди.Түмөн түйшүктүү болгон бул кесипте жагымдуу эс алуу мугалимдерге чарчаганын унуттуруп, жакшы маанай тартуулайт.Түзүлгөн регламент боюнча бул эс алуу шаарга экскурсия жасоо менен кооз жерлерин кыдырып, Бабур паркында эс алуу уюштурулду. Мугалимдер кооз гүл бактуу паркты айланып көрүп чыгышты, ал гана эмес ар түрдүү аттракциондук оюндарга да түшүштү. Ал гана эмес базарга да барышып,өздөрүнө эстелик үчүн улуттук калориттеги буюмдарды сатып алганга да үлгүрүштү. Бул эс алуу кесип бирлиги тарабынан уюштурулуп, атайын камерага тартылып мектеп проф.сайтынын архивинде сакталып калмакчы. Эс алуудан мугалимдер көңүлдүү эс алып кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Сейдилова