Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер эс алууда

Алтын уясынан алтын нурун чачыратып чыккан күн менен  кошо жарашып, мектепти көздөй ашыгып, сүйкүмдүү балдарды каршы алган мугалимдер жыл жыйынтыгына жетип келишти. Көптөн күттүргөн “Акыркы коңгуроо” аземи бүтүп, окуучулар жайкы эс алууга тарашты.

Түмөн түйшүктүү, ардактуу кесип ээлери болгон Ноокен районундагы №9 Паяз атындагы орто мектебинин жамааты да бул жылды ийгиликтүү аяктап, жаңы күч, дем менен жаңы окуу жылына баруу үчүн атайын эс алуу уюштурушту. Мектеп жамааты кыргыз элинин сыймыгы болгон Аксы районундагы “Падыша-Ата” жана “Сары-Челек” эс алуу жайларында  3 күндүк  эс алуу уюштурулду.

Мектеп жамааты көңүлдүү жана мазмундуу уюштурулган эс алуу үчүн мектеп администрациясына жана баштапкы кесиптик уюмуна өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

№9 Паяз атындагы орто мектебинин профкому

Ж.Жээнбаева