Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер "Ала-Тоо" эс алуу үйүндө

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ала-Тоо эс алуу жайына Базар-Коргон районунан 72 мугалим, балдар бакчасынын тарбиячылары жана билим берүү кызматкерлери барышып, эс алып келишти. Ала-Тоо эс алуу үйүндө билим берүү кызматкерлери тамак-аш, жатакана менен камсыз болушуп, эс алуу жакшы өттү.

Билим берүү кызматкерлери  өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанып, ден-соолука пайдалуу суусуна түшүшүп, кемелер менен көлгө, Ысык-Көлдүн кооз жерлерине жана Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсияларга чыгышты. Кооз жерлерден жакшы эмоцияларды алышты.

Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлери дем алуудан ырахат алышып, көңүлдөгүдөй жакшы эс алуу болгондугун белгилешип, эс алдырып, колдоолор үчүн  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловго жана Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаевге ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин жетекчилеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: райКБКнын адиси К.Асыранкулов