Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим Сизге таазим!!!

2014-жылдын   7-октябрь   күнү   Кочкор-Ата шаарынын маданият сарайында  Ноокен райондук билим берүү  бөлүмү   тарабынан уюштурулган  мугалимдердин кесиптик майрамына карата  «Мугалимге   Сизге таазим!!!»  темасында   салтанаттуу    азем  болуп өттү.  Салтанатка Ноокен райондук администрациясынын башчысы  Осмонов  Абдрахман  Кубатович, Жогорку Кенештин депутаты Гуласал Садырбаева, Кочкор-Ата шаарынын Мэри,  айыл Өкмөт башчылары,  райондук ишканалардын  жетекчилери,    438 билим  берүү  кызматерлери  катышышты.

 

Салтанат Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылып,   2013-2014-окуу жылындагы  негизги  аткарылган  иштер  чагылтырылган   видеотасма  берилди. «Мугалимге Сизге таазим!!!» темасындагы адабий  музыкалык   композиция  менен  окуучулар  устаттарын   куттукташты.  Алгачкы куттуктоо  сөзгө Ноокен райондук администрациясынын башчысы  А.К.Осмонов жана депутат Г.Садырбаевалар чыгышты.  Жыл жыйынтыгы менен алдынкы орундарды ээлеген мектептерге,  бакчаларга көчмө Кызыл  Туу  жана   «Жылдын   мугалими»,  «Жылдын   тарбиячсы»  райондук  кароосунун  жеӊүүчүлөрүнө   көчмө   вимпелдер,  алдынкы  мугалимдерге  «Билим берүүнун  мыктысы» төш белгиси,  Билим Берүү Министрлигинин, областтык, райондук жетекчиликтин  дипломдору, грамоталары тапшырылды. Сыйлык ээлерин Кыргыз  Эл артисти Арзыбек Бедияров жана  окуучулар куттуктап, ыр тартуулашты.

 

№16 Ж.  Турусбеков  атындагы 

орто  мектебинин  профсоюз

 уюмунун  төрайымы                                       Нургул  Тагаева.