Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим – кесиптердин төрөсү. Майрамыныздар менен !

     Баткен шаарында  414  мугалим-тарбиячылар, 5648  окучуга  билим тарбия берип келүүдө. 2017-жылдын  6-октябрында  Баткен шаарындагы  Салкын Тор кафесинде  мугалимдердин  кесиптик  майрамынын  урматына   шаардагы  110 мугалимге сый урмат  көрсөтүлдү.

    Кесиптик майрамга  КР Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары   Чынара Осмоновна, Баткен шаарынын  вице мэри Мамасыдык Султанов,  вице мэр И.Рыскулова ,шаардык мекеме-ишканаларынын  жетекчилери,  катышты. Майрамдык  салтанат   мыкты  мугалимдерге  КР билим берүү  жана илим министрлигинин, ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүктүн, Баткен шаарынын Мэриясынын, Билим беруу бөлүмү  жана шаардык  профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана  төш белгилерин тапшырылып, майрам   жогорку денгээлде   өттү.

    Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  келишимге ылайык   Мугалимдердин кесиптик майрамынын  урматына  Баткен шаарынын  мэриясы  тарабынан  73600 сом , шаардык профсоюз тарабынан  3000 сом бөлүнүп, Мугалимдерге майрамдык  сый дасторкон жана  ар бир мугалимге   белектер берилди. Майрам мугалимдер үчүн  даярдалган концерттик программа ыр-бий менен  коштолуп  кызыктуу өттү.