Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Мугалим бийиктиктин ачкычы"

       Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин президиумунда  Бугункү күндө "Мугалимдин даражасын кантип көтөрүү жөнүндө" маселе каралып , кеӊери талкуу болуп өттү. Мугалимге болгон талап күн сайын өсүп бара жатат. Балдарга тереӊ билим, татыктуу тарбия берүү мугалимдин бирден бир алдына койгон максаты экендигин эч ким танбайт. Жер жерлерде мугалимдердин адресине айтылган сөздөр дагы жок эмес. Мугалим-толук кандуу иштеши ичүн ага түзүлгөн шарт болуш керек. Күнүмдүк керектелүүчү бор, методикалык китептер, ватман, кагаз, ручка,компьютер,интернет  ж.б. у.с нерселер менен камсыз болуш керек. Ал эми айыл жергесинде мындай нерселердин жок экендиги баарыбызга маалым. Жакында Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин  Кемин райондук комитетинин төрайымы А.Т. Чылабаева Кемин районунун бийик тоолуу Ак-Тюз орто мектебинин профсоюз мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүп "Мугалимдин даражасын көтөрүү боюнча көп көйгөйлүү маселелердин бар экендигине күбө болду.Көпчүлүк профсоюз  мүчөлөрү аларга түзүлгөн шарттын жоктугу, окуучулардын ата -энелеринин кайдыгерлиги жана мектеп администрациясынын ата-энелер менен болгон байланышынын начарлыгын белгилеп өтүштү. Эгерде биздин мугалимдерди  татыктуу маяна менен камсыз кылышса ,алардын иштешине толук кандуу шаттар түзүлсө анда мугалим сөзсүз  окуучулар менен тыгыз байланышта иштемек. Ак Түз орто мектебинин мугалими К.Кийизбаев  бийик тоолуу  шартта иштеген мугалимдер көп акча алат дешет,озүнүздөр тарификациядан карап көрүнүздөрчү  эн көп айлык алган мугалим 12.790 сом алат. Бүгүнкү күндө бул акча каражаты менен кантип жашаганга болот. Ал эми мугалимдин даражасын биз өзүбүз көтөрүшүбүз керек. Эгер  мугалим өзүн сыйласа ал   сабакты жакшы берет,  окуучуларга талапты туура коет деген ойдомун. Кыргыз элинде " Өсөөр өзүн сыйлайт,өспөз жатын сыйлайт "деген жакшы сөз бар. Ошол себептен мугалим биринчи кезекте өзүн сыйлашы керек.