Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМ – АРДАКТУУ КЕСИП

Баткен районунун айыл окмотторундо өткөрүлгөн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы балдар мекемелеринен келишкен 1 600 дон ашык билим берүү кызматкерлери катышышты. Салтанаттуу аземге аким К.Салихов баш болгон райакимчиликтин, райБББнын жана РПКнын жооптуу кызматкерлери катышышып, акчалай сыйлыктарды, баалуу белектерди, ардак грамоталарды жана ыраазылык каттарды тапшырышты.

 Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов  салтанаттарда суйлоп,  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө үндөдү.

Натыйжалуу эмгектенип жатышкан 10 мугалим райондук мамлекеттик администрациянын, 10 мугалим райондук билим берүү бөлүмүнүн, 5 мугалим облустук кесиптик бирлик комитетинин  Ардак грамоталары жана райондук кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктарына татыктуу болушту.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.Жумаев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө социалдык өнөктөш катары раймамадминистрациянын, айыл өкмөттөрүнүн жакшы көмөк көрсөтүп жатышкандыктарын белгилеп, жалпы мугалимдердин атынан ыраазылык билдирди.

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

                                                                                  бирлигинин Баткен райондук

                                                                                  комитетинин жетектөөчү адиси