Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМ - УККАНГА САНАТ, УЧКАНГА КАНАТ

Жооптуу кесипти аркалаган, өмүрүн, билим жөндөмүн, аракетин, акыл-эс, сезимин балага арнаган кудай жактырган кесипти-агартуучулукту тандап, талыкпай эмгектенген, келечегибиз болгон жаштарды тарбиялап келе жаткан урматтуу агай эжейлерим, кесиптештерим!

 Баарыбызга мугалимдер майрамы кут болсун! Адамзаттын акыл-эсине үрөн сепкен дыйкандай, өзүнүн билген билим-илимин берип, жакшы адам болсо экен деген тилек үмүттөрү орундалганга жетине албай кубанган, ата-энелердей жоопкерчиликти көтөргөн, жеңилбес күрөштөрдүн каармандары болгон мугалимдер сиздерге каалоом: Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер барктуу болсун, ден соолук деген "мүлктү" бекем сактап, үй-бүлөлүк ынтымак-бейпилдикте өмүр сүрүңүздөр.

Мамлекеттин тиреги, элдин жүзү - жүрөгү болгон балдардын бактысын ачып, бар болуңуздар!

 

Билим берүү кызматкерлеринин

профсоюзунун Сүлүктү шаардык комитети