Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - жан дүйнө зергери

Сүлүктү шаарында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган мугалимдер күнү майрамы жогорку деңгээлде белгиленди.

2021-жылдын 8-октябрында Сүлүктү шаарында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата “Мугалим – жан дүйнө зергери” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Ардактуу эс алуудагы жана иштеп жаткан ардагер мугалимдер, алдыңкы мугалим жана тарбиячылар, билим берүү мекеме жетекчилери, кесиптик бирликтин төрагалары, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. 

Майрамдык иш-чараны шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исманов ачып, ардагерлерди жана билим берүү кызматкерлерин күнү менен куттуктады. Жыл жыйынтыгы боюнча кеңири токтолуп, алдыңкы кызматкерлерди жана билим берүү мекемелерин белгилеп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилерин, Ардак грамоталарды, областтык усулдук борбордун ыраазычылык каттарын, грамоталарын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасын жана алкыш баракчаларын алдыңкы мугалимдерге жана кызматкерлерге тапшырды. 

77 ардагер мугалимге карылар күнүнө карата жана кесиптик майрамынын урматына шаардык билим берүү бөлүмүнүн бюджетинен 400 сомдон акчалай жардам берилди.

Иш-чарага шаардын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Б.Ташев, шаардык кеңешинин төрагасы К.Мадеминов, вице-мэр М.Сапаркулова, шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы У.Акимбеков, “Сүлүктү көмүр” ассоциаиясынын төрагасы, ШК депутаты Замирбек Мурзали уулу, “Кара-Алтын кен” ЖКсынын өкүлү ж.б. катышып куттуктоо сөзүн сүйлөп, алдыңкы билим берүү кызматкерлерине баалуу белектерин жана Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле шаардык кесиптик бирлик комитети жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөн окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, билим берүү кызматкерлерине балуу белектерди жана кесиптик бирликтин областтык жана шаардык комитеттеринин Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Кесиптик бирлик тарабынан сый тамактар берилип, катышуучулар ыраазы болуп кетишти.

 

Маалыматты даярдаган: Сүлүктү шаардык комитеттин төрагасы К.Кудаяров