Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - улуттун улуу кеменгери

2021-жылдын 29-апрелинде Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп мугалимдери арасында "Жылдын мыкты мугалими - 2021" сынагы старт алды. Сынак К.Кузембаев атындагы №7  жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында өтүүдө.

Сынактык программалар 2 күнгө бөлүнүп, 1-күнүндө конкурсанттар төмөнкү багыттардагы жазуу иштерин аткарышууда:

1. Педагогикалык-психологиялык тест (35 суроо);

2. Предметтик тест (20 суроо);

3. "Мугалим коомдун дарыгери, улуттун келечеги" темасында дилбаян-эссе;

4. "Жаңы технологияларды колдонуу аркылуу билим сапатын көтөрүүнүн жолдору" темасындагы долбоорлук иштерди жактоо.

Жылдагыдан өзгөчөлөнүп бул жылы сабактарды өтүүдө класстар "чучукулак" тартуу жолу менен аныкталат.

Сынактын экинчи күнүндө сабактар өтүлүп, мыкты көргөзмө куралдардын жарманкеси уюштурулат.

 

Аталган сынакка төмөнкү мектептерден катышууда:

К.Осмонкулов атындагы №2 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Ибрагимовп Нуржамал Абдуманаповна;

Т.Молдо атындагы №3 жалпы билим берүүчү орто мектебинин география мугалими Арстанкулова Перизат Октамбековна;

Токтогул атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Ахматова Назгүл Оморбековна;

В.И.Ленин атындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектебинин информатика мугалими Кожобекова Жоогазын Паизбековна;

Т.Уметалиев атындагы №6 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жолчуева Айзада Акбердиевна;

К.Кузембаев атындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими Бекназарова Динара Турдалиевна;

М.В.Фрунзе атындагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Турдубаева Айнура Торобековна;

А.Осмонов атындагы №10 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Тургунбайева Гулайым Абдуллаевна;

Т.Шадыханов атындагы №14 инновациялык гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими Мырзаева Бүсайра Орозовна.

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарпроф комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева