Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим, окуучу жана ата-эне

Мугалим, окуучу жана ата-эне

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында жана учурдагы болуп пандемияга байланыштуу аралыктан окуутууда “Мугалим, окуучу жана ата-эне” санариптик үч бурчтук видеороликтер кароосынагы өткөрүлүп, жыйынтыктары чыгарылды.

Кароо-сынак Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети тарабынан өткөрүлдү. Конкурс 2 этап менен өтүп, анда мугалим,окуучу жана ата-энелердин тыгыз жана үзгүлтүксүз байланышын арттыруу максатында өткөрүлдү. Жалпысынан 40 мектептен 120 дан ашуун видеороликтер келип, алардын эң мыктылары түзүлгөн комиссия тарабынан тандалып алынды. Жыйынтыгында баш байгеге №31 Ж. Татыкулов атындагы орто мектебинин даярдоо классынын жетекчиси Шавканова Айсулуу Тумарбековна ээ болду.

I орун №6 “Арал” орто мектебинин 3 А –классынын жетекчиси Мамадалиева Фарида Кимсановна;

II орун №29 Я. Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин 2 Б –классынын жетекчиси Мусаева Рахима Гиясовна;

III орун №14 И. Губкин атындагы орто мектебинин 2-классынын жетекчиси Валикова Гулсина Изатиллаевна;

Ал эми Осмоналиева Анаркан Жумабековна (№1 Ж.Бөкөнбаев а.о.м.), Ормонова Элиза Байышовна (№5 Н. Токторбаев а.о.м.), Садирова Элвира Абдыкайымовна (№8 Т. Орозматов а.о.м.), Халикова Рахима Арапбаевна (№29 Я. Мирзаходжаев а.о.м.), Ажимуратова Өмүркан (№17 “Кыла” о.м.), Увайдуллаева Айнагул Капаровналар (№27 “Бирдик” о.м.) активдүү катышкандыктары үчүн сыйланышты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн

Окуу –усулдук кабинетинин

усулчусу Р. Орозалиева