Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-мѳмѳлүү дарак

 Мугалим ким, ал биз өңдүү адамбы?

Кантип алар өзгөртүшөт заманды?

Ал улуу жан, адамдардын адамы,
Жакшылыкка арышталат кадамы.

 Мугалим-дүйнөдөгү эң ардактуу кесип. Мугалим-коомдун тиреги, мамлекеттин жүзү. «Мугалим» деген сөз ар адамда ыраазычылык, сый-урмат сезимдерди жаратып,  “а” тамгасын тааныткан биринчи мугалим ар бир адамдын жүрѳгүндѳ ата-энебиздей ардактуу орунда сакталып калат. Аалам сырын ачкан мугалимдин ысмы кыпындай да көөнөрбөй, эс тутумубузда улам жаӊырып, жашарып, жаӊы ойлорду жаратып толкундатып жүрө берери турмуштук чындык экендигине шек жок.

   «Устаттын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө» демекчи мугалимдердин улуулугу утурумдук кыйынчылыктарга карабастан, баланын тагдыры, билимдин сапаты үчүн талыкпаган эмгегинде жатат.

   Алсак, жакында эле Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин химия мугалими Турганбаева Нурила Турганбаевнанын кѳп жылдык үзүрлүү эмгеги жана окуткан окуучулары жыл сайын ѳтүүчү республикалык олимпиадада алдынкы орундарды ээлеп келгендиги мамлекет тарабынан жогору бааланып “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамын алышы  бизди сыймыктандырбай койбойт.  Бул эжекенин жолун улап азырку мезгилде  243 мугалим билим берүүнүн мыктысы тѳш белгиси, 166 мугалим билим берүү министрлигинин Ардак грамотасынын  ээлери.