Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ" - 2019 СЫНАГЫ ЛЕЙЛЕКТЕ

2018-жылдын 7 - ноябрында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Исфана шаарынын маданият үйүндө  "Мугалим" илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана Баткен облусунун билим берүү усулдук борборунун 10 жылдыгына карата уюштурулган "Мугалим - коомдун күзгүсү - 2019" кароо - сынагынын облусттук туру жогорку  деӊгээлде   өткөрүлүп, Баткен облусуна караштуу мектептерден мыкты 10 мугалими катышты.

Иш чаранын башында журналдын башкы редактору сөз сүйлөп,  ЛРБББнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гапарбек Абдусалимович Саюнов ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, журналдын уюштуруу иштеринен баштап бүгүнкү күнгө чейинки ишине кеңири токтолушту. Катышуучуларга жалпысынан 5 тапшырма берилип, билими, өнөрү, таланттары бааланды. Калыстар тобунун курамын башкы редактор Рахат Токтогуловна, КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадеминов, сынактын 2016-жылкы жеңүүчүсү Лейлек районундагы К.Казыев атындагы орто мектебинин мугалими Жениш Абдиназаров жана ошондой эле башка областтардан келген журналдын координатарлары түздү. Сынакты ЭлТР телеканалынын “Илим-билим” көрсөтүүсүнүн продюссери Айбек Асанбек уулу жана Республикалык сынактын 2018-жылкы финалисти Абдурахманова  Айнура алып барышты. Сынактын жүрүшү ырлар, бийлер менен коштолду. Сынакты уюштуруп, өткөрүүгө Лейлек районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү колдоо көрсөтүп, райондун жеке ишкерлери тарабынан демөөрчүлүк кылынды. Медиа өнөктөштөр ЭлТР телерадио компаниясы, "Кут билим" газетасы, облустук жан райондук ММКлар болду.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып,  Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим жана или кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Уюштуруучуларга ыраазычылык каттар берилди. 

Жеңүүчүлөр 2019-жылдын март айында "Мугалим" илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөрүлө турган конкурстун республикалык туруна жолдомо алышты.

Жеңүүчүлөр төмөнкү номинацияларда сыйланышты:

Баш байге "Мыкты педагог" номинациясы 2 мугалимге ыйгарылып, республикалык сынакка  жолдомо алышты:

  1. Сейдали уулу Улукбек - Лейлек районунун Н.Батыров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;                             
  2. Жалилова Гулзат Сарыбаевна - Баткен шаарындагы Кызыл -Жол орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

 

1-орун

"Новатор мугалим" номинациясы Лейлек районун Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин математика жана информатика мугалими Абдиев Гулзат Юсупбаевна;       

                       
2-орун

"Компетентүү мугалим" номинациясы Лейлек районунун М.Баетов орто мектебинин кыргыз тили жан адабияты мугалими Абдыкалыков ТашмамаКаразаковна;       

                                                                       
3-орун

"Кесипкөй мугалим" номинациясы Лейлк районунун Исфана орто мектебинин тарых мугалими Далиев Эльдор Бахтиярович; 
"Талантуу мугалим"
жана "Интернет жылдызы" номинациялары Баткен районунун З. Абдукаримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Келдибекова Бубунса Токторовна;                 
Ысык-Көлгө II республикалык "Окуучу күткөн мугалим-2019" жайкы мектебине жолдомо Кылычев Замирбек Орозалиевич ээ болуп, 
Исманова Жумагул Турдалиевна, Жумабаева Манзура Нурдинбаевна, 
Айдарова Мээрим Бахабадиновналарга
кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. 

 

Сынактын жыйынтыгы менен эстафета Талас облусуна өткөрүлүп, өтмө кубок тапшырылды.

 

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева