Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мугалим-коомдун дарыгери, улуттун келечеги”

2021-жылдын 18-мартында Шамалды-Сай шаарчасындагы №2 К.Осмонкулов  атындагы орто мектебинин базасында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  Жалал-Абад облустук комитетинин алдындагы Жаштар Кеңеши, Таш-Көмүр шаардык билим  берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык  комитети  биргеликте “Мугалим-коомдун дарыгери, улуттун келечеги”, “Жаш  адис   укугуңду  биле  жүр!” темасында облустук иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.А.Исмаилов, облустук Жаштар  Кеңешинин төрагасы З.Б.Сулайманов, обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча  техникалык башкы инспектору А.Ч.Айдаров,  райшааркомдордун  алдындагы  Жаштар  Кеңештеринин  төрагалары, Таш-Көмүр ШБББнун башчысы Н.К.Жоошбаев, Таш-Көмүр  ШКнын төрайымы Э.Ж.Эгизалиева, Борбордук Комитеттин алдындагы демилгелүү топтун мүчөсү М.Т,Үтүрбаева мектептердин директорлору, ардагер–насаатчы  мугалимдер,  жаш адис  мугалимдер, коомчулуктун  өкүлдөрү катышышты.

Катышуучуларды  мектептин  окуучулары салтанаттуу  түрдө  тосуп  алышып,  иш-чара жаш адис мугалимдер жана жамаат тарабынан даярдалган көргөзмө менен  таанышуудан башталды.

 

Иш-чаранын  1-бөлүгүндө шаардын жаш адис мугалимдери тарабынан төмөндөгү сабак-фрагменттер өтүлдү:

1.”Мугалим-мөмөлүү дарак” темасында №2 мектептин мугалими Токторалы кызы Гулзат

2.”Birthday party” темасында №2 мектептин мугалими Атабекова Жумагул

3.”Сан атоочтун түрлөрү” темасында №12 мектептин мугалими Шамшарбек уулу Арген

4.” Season” темасында №4 мектептин мугалими Болотбек кызы Айпери

5.”Салам сага санжыралуу Ноорузум” темасында №1 мектептин Чолпонбекова Суюта

6.”Алыкул Осмоновтун кыргыз адабиятындагы ээлеген орду” темасында №7 мектепттин  мугалими Тажимаматова  Айгерим.

 

Сабак-фрагменттер кызыктуу, мазмундуу, жеткиликтүү  болуп,  катышуучулар тарабынан жакшы бааланды.

Иш-чаранын  2-бөлүгү  устат-насаатчы  мугалимдер  жаш адис  мугалимдерди  сый  менен   баштап алып   кирген    чогулуштар  залында  улантылды. Жаш  адис  мугалимдердин  ант  берүү  аземи  болуп, анда  насаатчы мугалимдер   каалоолорун   айтышты. Шаарком  тарабынан профсоюздук  билеттер  тапшырылды. Жаш  адистерге  эстелик  белектер  жетекчилер  тарабынан  тапшырылып, жакшы  тилектер  айтылды.

 

Иш-чаранын  3-бөлугүндө ардагер-насаатчы  мугалимдер,  устат мугалимдер тарабынан  мастер-класстар  өтүлүп,  жаш  адис   мугалимдерге практыкалык ,  усулдук жардам берилди.

 

№11  мектептин  директору  Жолдошева  Наргиза  “Мугалим- чырпыктан  чынар  өстүрөт” темасындагы   мастер-классында  жаш  мугалимдерге  сабактардын сапаты, мазмуну, окуучуларга  жеткиликтуусу,  сабактардын типтүү  кемчиликтери  тууралуу  усулдук  материалдар  менен слайддарды   пайдаланып усулдук материалдарын  баяндады.

№2  мектептин  мугалими  Мырзаева  Халида “Устат-улуттун  улуу  кеменгери” темасындагы   мастер-классында   мугалимидин   кадыр  баркы,  коодогу  зор  орду, келечек  муунду  тарбиялоодогу  эбегейсиз  эмгеги жөнүндө  замандын  талабына   ылайык  жаңы  инновациялык  усулдар  менен  материалдарын  жеткирди.

 

Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы  Э.Ж. Эгизалиева “Жаш   адис  укугуңду  биле  жур!”  темасында  мыйзамдардан  укук  жана  милдеттер  тууралуу  усулдук  материалдарын  сдайддар  менен  берди.

Таш-Көмүр  шааркомунун  алдындагы  Жаштар  Кеңешинин  төрагасы Дайырбек  уулу  Манас  жаштар  менен  жүргүзулүп  жаткан  иштер жөнүндө  маалыматтар  берди.

Иш-чаранын  4-бөлүгүндө  Жалал-Абад  обкому  тарабынан алдынкы  билим  берүү  кызматкерлери сыйланып,  жаңы  жетекчиге  эстелик  белектер  тапшырылды. Катышуучуларга окуучулар  тарабынан  чакан  концерт  тартууланды.

 

Иш-чаранын  катышуучулары тарабынан  Борбордук  Комитетке, Жалал-Абад  обкомуна  билим  берүү  кызматкерине камкордугу,  колдоолору,  берип  жаткан  дем  берүүчү көмөктөрү  үчүн  ыраазычылыктарын  билдиришти.Профсоюздук  иштеринде  ийгиликтерди  каалашты. Катышуучулар  эстелик  сүрөттөргө  түшүштү.

 

 

 

Материалды  даярдаган:  Жалал-Абад  обкомунун  укук  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  башкы  инспектору-А.Айдаров.