Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мугалим күн- ал баарына тегиз тиет!”

 темасында    Жалал-Абадда билим  берүү   кызматкерлеринин     кесиптик  майрамы белгиленди.

             2018-жылдын 5-октябры кунү  Жалал-Абад  облустук  балдар чыгармачылык үйүнүн  чоң  залында “5-октябрь-Билим  берүү  кызматкерлеринин кесиптик  майрамы күнүнɵ”  арналган облустук азем  болуп  өттү.

          Аземге КРнын Билим берүү  жана илим министрлигинин  өкүлү-Сыдыкназарова  Кылым  Жалалбековна, КР нын Өкмөтүнүн  Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бөлүм  башчысы-Аширова Гулзат  Алимжановна, Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору –Токтосунов Акылбек Адешович,  Билим берүү  жана  илим  кызматкереинин  профсоюзунун Жалал-абад  облустук  комитетинин  төрагасы  Исмаилов  Абдукахар  Арапович, райшаардык билим берүү  бөлүмдөрүнун башчылары,профсоюздун райшааркомдорунун  төрагалары, райшаарлардан  чакырылган алдынкы  билим  берүү  кызматкерлери, коомчулуктун, массалык-маалымат  каражаттарынын  өкүлдөрү , окуучулар  катышты.

           Майрамдык   азем Жалал-Абад  облустук  балдардын  чыгармачылык  үйүнүн окуучуларынын куттуктоолору менен  башталып,  устататтарга  арналган “Мугалим  күн-ал баарына  тегиз  тиет!”  темасындагы  концерттик  программасы тартууланды.

       Аземге келген  жетекчилербилим  берүү  кызматкерлерин  майрам  менен  куттукташып, сыйлыктарын  жана  белектерин  тапшырышты.

        Иш-чарада  облустук  алдынкы билим  берүү  кызматкерлери   “Билим  берүүнүн  мыктысы”, “Билим,илим  профсоюзунун  мыктысы”, Министрликтин, Борбордук  Комитеттин,  облустук  “Ардак Грамоталар”   менен  сыйланышты.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун  инспектору-А.Айдаров.