Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - чырпыктан чынар өстүрүп, өмүрүн өлкөгө арнаган инсан

"Мугалим - чырпыктан чынар өстүрөт" аталыштагы китеп мугалимдер арасында кызуу окулуп, талкууланып жатат. Ал мугалимдердин кесиптик денгээлин өстүрүүгө жардамын берет. Ошондуктан, "Жыл мугалими-2021" шаардык сынагында мугалимдерге китепти окууга сынак жарыяланып, шаардык профсоюздук комитеттен жеңүүчүлөргө ушул китепти белекке берүү жагы белгиленди.

Талыкпаган эмгек менен,  мекенчилдик сезим менен, өлкөнүн келечеги үчүн кызмат кылып, өз өмүрүн өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган, чырпыктан чынар өстүргөн ардактуу кесипти аркалоо чоң жоопкерчилик, чоң жүк. Мындай кесиптин  ээси болуш ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу. “Мен мугалим болом”  дегендин бары эле мугалим боло албайт, чыдамдуу, сезимтал, жүрөгү кенен, мээрими чексиз инсан гана өмүр боюу мугалимдик кесиптин түйшүгун көтөрүп, өтөөлүнө чыгат.

Айтайын дегеним, МУГАЛИМ  билимдүү жана жөндөмдүү болууга тийиш, себеби ал инсан тарбиясы менен алакеттенгендиктен, кызматынан кыпындай эле ката кетирсе, жоопкерчиликсиз мамиле кылса, кош көңүлдүк жана туура эмес кадамдар үй-бүлөөнүн, коомчулуктун жана мамлекеттин келечегине балта чабат. Ошондуктан мугалимдин билими, тарбиясы өтө маанилүү.

Демек күн санап мугалим өзү милдет жана жоопкерчиликти баштагыдан да көбүрөөк сезип, коом жана өлкө талап кылган инсандарды тарбиялап чыгаруубуз шарт.

Мугалимдик кесип – эң улуу кесип, себеби бул кесиптин терең тарыхы бар,анын башаты адамзат жаралган заманга барып такалат. Мугалим гана элдик дарыгерди, адилеттүү сотту, тартип сакчыларын, эл башкарган ажолорду дегеле бардык кесип ээлерин  тарбиялап чыгарып, билимге сугарат, анын кулк мүнөзүн калыптандырат. Мугалимден башка бир да кесип инсандын, коомдун келечегине таасир бере албайт,ошондуктан  МУГАЛИМ  эң ыйык жана пайгамбар кесиби деп  сыпатталып айтылып калган чыгар.

Коомубузда мугалим тек гана билим берген, үйрөткөн жана таалим – тарбия берген адам катары таанылбастан, коомдук статусу жогору инсан катары да таанылып келет. Демек мугалим – лидер, жол башчы, шыктандыруучу жана бириктирүүчү кызматты аркалайт. Топуракка себилген үрөн бир канча мөмө берүү үчүн өзүн садага чапкандай, мугалим да коомдун бейпилдиги, жыргалчылыгы жана келечеги үчүн өз өмүрүн садага чаба алган инсан болууга тийиш, адам тарбиясы менен алекеттенген кесип ээлери ушул сезим менен жашаса гана  чыныгы  МУГАЛИМ боло алат.

Мугалим кантип, мыкты мугалим боло алат?

  1. Инсанды толук кандуу таанышы керек- Бардык көйгөйлөр инсанды толук кандуу тааныбагандыктан келип чыгаарын көңүлдүн борборуна сактоо керек.
  2. Окуу-тарбия процессинде негизги педагогикалык терминдерди билүүсу керек. Пайдубалы бекем болбогон эмгектин натыйжасы өкүнүчтүү болорун эстен чыгарбашыбыз керек.
  1. Максатты туура аныктоо керек - Максат туура коюлса, ал ийгилик жаратары шексиз.
  2. Инсандык кемчиликтерди кыска убакытта жоюу керек - Өз кемчиликтерин баамдам, аны тез арада жоюуга аракеттенген мугалим ийгиликтин эшигин ачат.
  3. Коомдо кадыр-баркка ээ болуу керек - Чөйрө менен мамиле жакшырганда гана ийгиликке жетүүгө болот.
  4. Ата-энелер менен байланыш бекем болуу керек - окуучуну бирдиктүү тарбия гана оң жолго салат.
  5. Окутуунун принциптерин билүү керек - Окуу-тарбия процесси негизги принциптер аткарылганда гана максатына жетет.
  6. Окутуу-үйрөтүү методдорун таасирдүү колдонуу - Мугалим усулсуз сабак өтөм десе анда ал башкаруусуз автоунаага, же калаксыз кайыкка отурган сыяктуу.
  7. Окутуунун планына көңүл буруу - Ийгиликтүү мугалим болууну кааласаң план-программа менен иштөөгө үйрөнүш керек.
  8. Үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү - Ооз эки жана жазуу түрүндөгү текшерүүнү уюштуруу менен канчалык деңгээлде түшүнүктүү болгондугун аныктай алабыз.
  1. Сыйлык жана жазанын колдонулушуна аяр мамиле кылуу – Сыйлык жана жаза аяр мамилени талап кылган эки башка түшүнүк, өзгөчө жаза берүүдө ар бир мугалим өтө аяр тең салмактуу болгону дурус.
  2. Окуучуларды өз алдынча окууга жана изилдөөгө көндүрүү – бул өзалдынчалыкка үйрөнгөн инсан көп өзгөчөлүктөргө ээ болорун эске алышыбыз керек.
  3. Окуу-тарбия процессинин пайдубалдары - Социалдык, психологиялык, философиялык, экономикалык, тарыхый пайдубалдар улуттук жана адеп-ахлактык баалуулуктар болорун эске алышыбыз керек.
  4. Окутуу - үйрөтүүнүн альтернативдүү жолдору – технология дүйнөсүндөгү жаңылыктардан пайдалануу керек.
  5. Мектепти жана класстарды билим берүүгө даярдоо - Мында мектеп өзүнүн шарттары менен чөйрөсүнө өрнөк болуусу керек.
  6. Билим берүү системасы - Улуттук жана маролдык аң сезимдүүлүк билим берүү саясатынын эки негизги принциби болууга тийиш.

Мына ушул талаптарга толук жооп берген мугалим, чыныгы мугалим болуп чыгаары шексиз.Адам тарбиясы менен алекеттенген кесип ээлеринен мындан башкасын күтүүгө болбойт. Ичинде ушул сезим жашаган адам гана чыныгы мугалим боло алат. Жакшылыктын, сүйүүнүн үрөөнүн сепкен мугалимдик кесипти аркалаган кесип ээлеринин иштерине ийгилик каалайбыз!

 

Материалды даярдаган: Кара-Көл шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Каракозуева А.К.