Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мугалим болот мөмөлүү дарак, мугалимдин таланты бар чексиз барак”

Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу М.Молдалиев атындагы №18  орто мектебинде  “Мугалим болот мөмөлүү дарак, мугалимдин таланты бар чексиз барак” аттуу жаш мугалимдердин арасында сынак болуп өттү.

Анда Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы, социалдык өнөктөшүбүз А.Сатыкулов, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директору К.Кенжекулов, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн мектептеринин директорлору катышышты.

Сынак М.Молдалиев атындагы №18  орто мектебинин жаштар кеңеши тарабынан уюштурулду.

Бул сынактын негизги максаты мугалимдерди изденүүгө үндөө, чеберчиликтерин арттыруу, атаандаштыкты күчөтүү жана мыктыларды аныктоо.

Программада 1. Саламдашуу, 2. Мыкты көргөзмө курал, 3. Обондуу ыр, 4. КР Эмгек кодексинен суроо-жооп, 5. Бий, 6. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан бир көрүнүш, 7. Макал айтышуу.

Сынакка жалпы 24 жаш мугалим эки командага бөлүнүп катышышты. Алар өз командаларына “Ак маржан”  жана “Делбирим” деп аташып, маанисин түшүндүрүп беришти.

 

Таймаш атаандаштыкта өтүп, жыйынтыгында “Делбирим” командасы 1-орун, командасы “Ак маржан” командасы  2-орунду ээлешти.

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Сатыкулов мугалимдерди куттуктап, акчалай жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле №18 М.Молдалиев атындагы орто мектебинин администрациясы тарабынан дипломдор тапшырылды.

 

Ноокен райкомунун президиум мүчөсү, М.Молдалиев атындагы №18  орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Ф.Акматова