Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мугалим- учканга канат, укканга санат”

    Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин иш планына ылайык  2017-жылдын 18-апрель күнү “Жылдын  мугалими-2017”жана “Мыкты тарбиячы-2017” кароо сынактары  болуп өттү.

   Кароо сынакка Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары М.Ж Ташполотова, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Ниязалиева, Исфана шаарынын мэри А.Д Анарботоев  жана Республикалык  “Мугалим”  илимий –педагогикалык журналынын башкы редактору Р.Т Сулайманова катышты.

    Кароо сынактын жыйынтыгында  талапкерлер  Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин  “Ардак грамотасы” жана баалуу белектер менен сыйланышты.