Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өмүрүн өнөргө, жашоосун эмгекке арнаган инсан!

Алтыбаева Анаш Амантаевна.1952-жылы Жаңы-Жол районуна (азыркы Аксы району) караштуу Тегене айылында төрөлгөн. 1969-жылы окууну аяктагандан кийин завхоздо чабандын жардамчысы болуп иштеген. Турмуш шартка байланыштуу Таш-Көмүр шаарына көчүп келип 2002-жылдан баштап №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кенже кызматкер болуп иштей баштаган. Ден-соолугуна байланыштуу(көзү көрбөй) жумуштан бошоп кеткен. Жан дүйнөсү таза, жүрөгү ыр деп соккон Анаш  эже мектепте иштеп жүргөндө ыр жазып, майрамдык маарекелерде окуй койчу жагы бар эле. Өтө жөнөкөй мүнөзү менен жамаатка жагып мугалимдердин жана окуучулардын кадырлуу инсанына айланган эле. Ар дайым шайыр, ишинде элпек, коомдук иштерге активдүү катышчу. Турмуштун татаалына кейибей балдарын жалгыз чоңойтуп эрезеге жеткирип, келин алып, кыз берип неберелерин карап азыр төрдүн көркү болуп сый урматтын кучагында жүргөн чагы. Ошентсе дагы көкүрөгүндөгү ой-толгоосун ыр менен бөлүшүп келет. Айрым ырларын сиздерге жолдоону туура  көрдүк.

Таш-Көмүр шаарым

Чеп коргон шаарым тоолорум,

Созулат жибек жолдоруң.

Нарындын турсам жээгинде,

Серпилет сезим ойлорум.

 

Толкуну жээкке урунат,

Кайтышат кайра удургуп.

Жыбырап майда толкундар,

Жүрөккө берет жылуулук.

 

Нарынга курган ГЭСтердин,

Таш-Көмүр сенсиң борбору.

Жылдыздын көркүн талашат,

Кечкисин жанган отторуң.

 

Мекеним,шаарым Таш-Көмүр,

Бурамын сага көңүл сага көп көңүл.

Кылымдар багат элимди,

Түгөнбөс байлык кендериң.

 

Алыска кетсем өзүңдөн,

Келгиче кайра шашамын.

Жытыңды искеп Таш-Көмүр,

Жашоонун даамын татамын.

Бөксөрбөй толуп катарың,

Алыска кетсин атагың.

Мекеним шаарым Таш-Көмүр,

Кылымдар бою жашагын.

 

                    Өмүр

Кайда жүрбө узун болсун  өмүрүңөр,

Алоолонуп оттой жансын сезимиңер.

Кара чачты апак бубак басса дагы,

Жапжаш бойдон сого берсин жүрөгүңөр.

 

Кайда жүрбө узун болсун өмүрүңөр,

Мага кымбат ден-соолукта жүргөнүңөр.

Жүзүңөрдү канча бырыш басса дагы,

Орундалсын ар бир максат тилегиңер.

 

Турмуш көлүн эркин сүзгөн кемесиңер,

Жашоо үчүн түйшүк тартып келесиңер.

Айланайын элим журтум уул кыздарым,

Жүрөгүмдө бирге жашап келесиңер.

Кечээ кункү мотурайган балдар кыздар,

Уул кыздарга эртең ата-энесиңер.

 

Шамал.

Шамалдын шашканы ай,

Шашылыш иши бардай.

Өмүрдүн өткөнүн көр,

Жарышка түшкөн жандай.

 

Жарышып мезгил менен,

Жашоонун өткөнү ай.

Жашиыкка тартуулаган,

Гүлдөрдүн өскөнү ай.

 

Жаз келди жадыраган,

Жасанган сулуулардай.

Тополоң шамал согот,

Жашоодо өчү бардай.

 

Мекеним сен Кыргызстан.

Аска зоолор ай жылдызга айкалышкан,

Токойлорун кайберендер аралашкан.

Мөлтүрөшөт мөмөлөрүн шатын ийип,

Ырыскылуу мекенимсиң Кыргызстан.

 

Ак мөңгүлүү ала тоонун,

Бабаларым жолун баскан.

Эпос тарых дастан жазып,

Калемгерлер калтырышкан.

Байлыгы мол тарыхка бай,

Мекеним сен Кыргызстан.

 

Ар бир элдин өз өзүнчө,

Тарыхы бар жазылбаган.

Ала-Тоонун сырлары,

Бар ачылбаган.

 

Кызыл-Бейитим

Кызыл бейит Кулама,

Жолдоруң татаал чубама.

Жаштыгым калды өзүңдө,

Тартылган татту кыялга.

 

Сүйрү конуш Сампата,

Арчалар өсөт жанаша.

Оркестр ойноп жаткансыйт,

Бакчаңда куштар сайраса.

 

Жыттадым жыпар гүлдөрду,

Өткөрдүм жаштык күндөрду.

Өзүңдө жүрүп өскөн жер,

Үйрөндүм бала сүйгөндү.

 

Көтөрүп бала жонумда,

Азадан таяк колумда.

Кайтардым далай кара эчки,

Өскөн жер сенин койнуңда.

 

Тиккеним чатыр палата,

Кекилик суулайт булакта.

Эликтер карайт таң калып,

Келди деп булар каяктан.

 

Талды булак Ойурма,

Издерим калды жонүңда.

Карылык доорун сүрөйүн,

Балдарымдын,кыздарымдын доорунда.

 

Кызыл- Бейит, Коргонду,

Кырка тартып эл конду.

Көргүм келип сагындым,

Көк чийген бийик тоолорду.

 

Суук төбө Коргонду,

Жайында көчүп эл конду.

Жайлоонун көркү керемет,

Сагындым көчүп конгонду.

 

Тегенем.

Тегенем тендеши жок сүйгөн айылым,

Көрбөсөм көпкө сени сагынамын.

Толкунуңдай деңиздин тоолоруңду,

Тумар кылып жүрөгүмө тагынайын.

 

Тегенем карааныңдан кагылайын,

Желге ойноп бак дарагың алтын даның.

Эркелетсе чачтан сылап эрке желин,

Эне атамдын мээриминдей сезем баарын.

 

Ким ичпеген Тегенемдин мөл булагын,

Ден соолукка пйдалуу дейт элим аны.

Учкан экен Тегенеден канат күүлөп,

Токтосун, Темиркулдай булбулдары.

 

Тынчтыкбек, Тургунаалы, Сагынаалы,

Булар дагы айылымдын кулундары.

Борбордо иштеп жүрөт дагы деле,

Тегенемдин келечектүү уул кыздары.

 

Тоолор

Бийик тоолор шөкүлөсү мөңүдөн,

Кооздолгон жашыл шибер гүлдөрдөн.

Арча, кайың, шилби, четин, ак чечек.

Чер токойун айбанаттар жойлогон.

 

Бийик тоолор ай жылдыздар түнөгөн,

Түркүн куштар түркүн тилде сүйлөгөн.

Кашка суулар капчыгайды жаңыртса,

Ыр күүлөрү тоо койнунда төгүлгөн.

 

Бийик тоолор сур булуттар түнөгөн,

Жамгырларда элим далай жүдөгөн.

Жер бар бекен ала тоонун койнунда,

Көчмөн кыргыз көчүп конуп жүрбөгө

 

                         Нуризага

Күнөстө болсо үйүңөр,

Кулпуруп өсөт гүлүңөр.

Кудайым берип бак дөөлөт,

Кут болсун тапкан сүйүүңөр.

 

Тескей бет болсо үйүңөр,

Сеңселип өсөт гүлүңөр.

Теңирим берип ынтымак,

Бактылуу өмүр сүргүлө.

 

Аппак нур жерге төгүлөт,

Ашыгың айдай көрүнөт.

Алганың эстүү жан болсо,

Аземдүү чыгат күлкүңөр.

 

Турмушту жолу узун жол,

Тайыбай таза жүргүлө.

Жашоонун көркү асыл жол,

Жаштыктын доорун сүргүлө.

 

Турмуштун көркү  сүйүүдө,

Дарактын көркү мөмөдө.

Данакер болот ортого,

Алдейлеп бала сүргүлө.

 

Той

Тойлор болсун,тойлор болсун,

Залга толо элдер толсун.

Эл болсо той үстүндө,

Тойдун шаңы кантип болсун.

 

Ур музыкант барабанды,

Бийге чакыр кары,жашты.

Ырдап,бийлеп жыргап алсын,

Эске салып бала чакты.

 

Тойлор болсун,тойлор болсун,

Той үстундө элим болсун.

Той өткөзгөн адамдарга,

Элим бата берип койсун.

 

Даярдаган:    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы:    Э.Ж.Эгизалиева.