Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өмүрлөрүн билим берүүгө арнаган ардагер мугалимдердин эмгегин профсоюз уюму тарабынан бааланды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин  “Карыяларды кадырлоо”акциясы  20-октябрда Таш-Көмүр шаарында болду. Обкомдун жооптуу кызматкерлери А.Айдаров,З.Сулайманов тарабынан 9 карыяга арналып даярдалган материалдык жардам  жеткирилип берилди. Даярдалган белектерди шаарком тарабынан жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары даректерине алып барып ыраазычылыктарды алышты. Билим берүү тармагына өмүрлөрүн арнаган ардагерлердин кубанычтарында чек жок. Профсоюз уюму тарабынан аткарылып жаткан иштерге,жардамга муктаж кызматкерлерге жана ардагерлерге көңүл бөлуп жаткандыгы үчүн Борбордук Комитеттин төрагасы    А.Токтогуловго, обкомдун төрагасы А.Исмаиловго, обкомдун жооптуу кызматкерлери А.Айдаровго, З.Сулаймановго, шааркомдун даректерине жылуу сөздөр, алкоолор, ыраазычылыктар айтылды.

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева