Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өмүрү өрнөк инсан

Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №9 Паяз атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде айыл өкмөт, мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда “Өмүрү өрнөк инсан ” деген темада Кыргыз Республикасынын Филология илимдеринин доктору, профессор Эшиев Асилбек Мирзатиллаевич менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты элибиздин даанышмандыгын, руханий байлыгын өнүктүрүү жана өсүп келе жаткан жаш муундарга өрнөк катары улуу инсандарды үлгү катары көрсөтүп, аларды атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымактыкка тарбиялоо, окуучулардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу болуп саналат.  

Эшиев Асилбек Мирзатиллаевич агайдын  4 эмгеги «Древний мир» «Кылымдык орто түрк жана иран-тажик поэзиясындагы интегративдик процесстер: гумандуулук идеялары», «Батыштагы байыркы түрк акындар поэзиясы». WorldCat дүйнөлүк системасынын алкагында англис тилинде АКШ университетинин китепканаларынын электрондук каталогуна катталган.

Профессор А.Эшиев КР билим берүүсүнүн мыктысы, КР билим берүү  жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын, КР Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, Чүй университетинин Нарын, Баткен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Ардак грамоталарынын ээси.

Азыркы мезгилде Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин профессору болуп эмгектенет. Чет элдик студенттер үчүн «Манас» эпосун англис тилинде окутуунун окуу колдонмосу, «Манас» эпосу жана тарыхый булактары: параллелдер, аналогиялар аттуу долбоорлордун үстүндө эмгектенүүдө.

2006-жылдан бери агайдын урматына ар жылы №9 Паяз атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде  эң алдыңкы окуучуларга жана мугалимдерге балдарынын атынан стипендия берилет.

Жолугушуу мезгилинде  Мирзатиллаев Асилбек агайдын өмүрү, эмгек жолу, китептери жана ийгиликтери жөнүндө кабардар болушуп, агайдын колунан окуучулар жана мугалимдер белекке китептерди алышып, ыраазычылык билдиришти.

 

№9 Паяз атындагы орто мектебинин

баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы

Ж. Сарымсакова