Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МИНИСТРЛИГИБИЗ ЭМНЕ ЭЛЕ СОЗДУКТУРУУДА?

     Бизге, профсоюздарга окууну аяктап жаткан айрым студенттердин ушул маселе боюнча кайрылуулары жыл сайын ушул мезгилде жанданып калат. Айтсак, соңку мезгилдерде ЖОЖдо аныкталуу убакыт ичинде бюджеттик негизде окуп, бирок ар түрдүү турмуш шартына байланыштуу ошол эле адистикте сырттан окуу бөлүмүнө, же контракттык негизде окууга которулуп окуусун уланткан студенттерибизди МАКка киргизүүгө буйрук даярдоо учурунда Министрликтин 09.07.2007-ж. №409/1 буйругу менен бекитилген КЕЛИШИМдин 2.2.-п. эң акыркы бөлүгүнө ылайык ЖОЖ тарабынан мурдагы бюджеттик негизде окуган жылдары үчүн кайсы-бир сумманы төлөөсүн талап кылган абал жаралып келүүдө. Ушуга байланыштуу мындай маселе жөнүндө айрым студенттерибиз турмуштук шарттарына байланыштуу (турмуш курганда, төрөп калганда, ата-энеси, же өзү ооруп калганда ж.б. себептер менен бюджеттик негизде окуусун үзгүлтүксүз улантууга мүмкүндүгү жоктон) бизге кайрылган учурлар арбын болууда.                                                      

     Мында эске алына турган жагдайлар булар деп эсептейбиз: эгерде студент Келишимдин башка пункттарынын, т.а., 2.2-п. 1-2-3-4-5-бөлүктөрүнүн талаптарын бузбаса, анда анын окууну контракттык, же сырттан окуу формасында окуусун улантып бүтүрүп кеткенге жана буга чейинки бюджеттик чыгымдарды төлөп берүүдөн бошотулушуна мүмкүндүк берүү максатка ылайык болмок. Демек, турмуш көрсөтүп жаткандай, айрым маселелерди чечүүдө так аныкталбаган жагдайлар орун алгандыктан жогорудагы Келишимди кабыл алган КРнын Өкмөтүнүн токтомуна да өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыгууда. Анткени мамлекеттик саясатта ар убак өз жарандарына карата гумандуу мамиле принцибинин сакталышы негизги приоритеттен болушу талашсыз эмеспи! Эгерде студент чындап эле Келишимдин талаптарын бузуп, ЖОЖдун Уставын, ички тартип эрежелерин бузса, окуу программасын толук өздөштүрбөсө, башка адистикке которулуп кетсе, жумушка жөнөткөн жактан негизсиз баш тартса, анда мейли төлөсүн демекчибиз.             

     Бирок, айрым студенттер Келишимде так көрсөтүлгөндөй, окуу мезгилинде кырдаал өзгөрүп, ректордун  буйругу менен, сырттан окуп, же күндүзгү бөлүмгө келип контракттык негизде тикеленип окуусун улантканда, мурдагы бюджетте окуган мезгил үчүн чыгымдарды төлө дегенибиз кайсыл логикага сыят? Андыктан бул сыяктуу маселелерди чечүүгө университеттин өзүндө ыкчам жана коллегиалдуу (тийиштүү комиссия аркылуу) чечим кабыл алуусуна министрлигибизден уруксат берилишин суранып кат жөнөткөнбүз. Андан бери бир жумадай убакыт өтсө да министрлигибизден жооп келбей, бир нече студенттерибизди МАКка киргизүүгө уруксат берилбей турат, МАКтар болсо башталып калды.

                                              Абдижапар Аккулов,               

                                                         Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин төрагасы,

                                 география илимдеринин кандидаты, доцент