Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Методикалык күндөр Токтогулда өткөрүлдү

             2018-жылдын  15-16-марты күндөрү “Аймактарды өнүктүрүү  жылы”  иш  чараларынын  алкагында  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Жалал-Абад облустук  комитетинин  иш  планына  ылайык  профсоюздук  билим  берүү  Борборунун методикалык  күндөрү  Токтогул райкомунда өткөрүлдү.

 Иш-чара  төмөнкү  багыттарды камдыды:

1.Профсоюздун  ишмердүүлүгүндө  уюштуруу-массалык иштердын  өрдү жана    алдындагы   конференцияга даярдык   иштеринин уюштуруу. (Обкомдун бөлүм  башчысы  А.Бегматов  иш  алып  барды.

2.Укук  жана эмгекти  коргоо боюнча инспектордун иштерин  уюштурулушу  жана эмгекти  коргоо  тузумунун  иши.(Обкомдун  инспектору  А.Айдаров иш  алып барды.)

3.Борбордук  Комитет  тарабынан  жүргүзүлүп  жаткан  жаңы финансалык  саясат багытындагы  иштердин  уюштурулушу.(Обкомдун  финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов  иш  алып  барды.)

4.Баштапкы  профсоюздук  уюмдарда 3 тараптуу  Макулдашуулар  аркылуу эмгектенүү  шарттарын жакшыруу  багытындагы иштер. (Жеринде таанышуу)

      Методикалык  күндөрдө материалдар кагаз  жана электрондук  варианттарда  райкомдун  төрагасы Токтомуш Исраиловко, инспектору Уланбек Токтоналиевке, казыначы Болсунбек Түлекеевтерге  берилди. Суроолорго жооптор мыйзамдар, токтомдор, жоболордун  негизинде  практыкалык көрсөтүлүп,  жеткирилди.

       Баштапкы  профсоюздук  уюмдарда макулдашуулардын аткарылышы  менен эмгектенүү  шарттарын жакшыртуу иштери  менен таанышуу  максатында обкомдун  кызматкерлери Токтогул  атындагы  орто   мектебинде(директору-А. Тулекеева, профкому –А.Тиленбаева), Мулкубатов атындагы  орто  мектебинде(директору-Т.Чормошев,профкому-Ж.Анарбаева), “Достук”  балдар  бакчасында(директору-С.Тянь, профкому Д.Иманбаева) болушуп, алгылыктуу  иштер  жүрүрүп  жаткандыгына  күбө  болушту.

     Методикалык күндөрдө райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы Дамира Кайсарбаевна Сулпукарова  менен маектешип, социалдык  өнөктөштүк  багытындагы аткарылып  жаткан  иштер  жана максаттар  жөнүндөгү ой- пикирлери  угулду.Башчы “Инсан KG” журналынын  атайын  санын профсоюздар  ишмердүүлүгү боюнча  чыгарылышы жакшы  саамалык болгондугун белгилеп, алдында биргеликте аткарылуучу  иштерге  ийгиликтерди  каалады.

        Иш-чараныны  жыйынтыгында райкомдун  төрагасы  жана  кызматкерлери  тарабынан методикалык күн  үчүн  ыраазычылык билдиришип, обкомдун  жана облустук  профсоюздук билим берүү Борборунун  ишине  жакшы тилектерин билдиришти.

Материалды  даярдаган: Облустук профсоюздук билим берүү Борборунун жетекчиси-А.Айдаров.