Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мен жана менин ата-энем, жол коопсуздугун билебиз»

    «Коопсуздуктун эрежелерин сактоо» сабагы боюнча мектеп окуучуларынын предметтик өздөштүрүүсүн  бышыктоо  жана жолдо  жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин сактоону калыптандыруу, жаш өспүрүмдөр менен болгон жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында 3-4-5-6-класстар арасында «Мен жана менин ата-энем, жол коопсуздугун билебиз» аттуу кароо-сынагынын шаардык туру 2018-жылдын  февраль айында Жалал – Абад шаарында өткөрүлдү.

    Кароо-сынакка  18 команда катышып, 1-орунду М.Бабкин атындагы №1 мектеп гимназиясынын «Светафор», 2-орунду Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин «Омур»,    3-орунду Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын  «Ак жол» командалары ээлешти.

    Мелдешке шаардын социалдык иштер боюнча вице мэри Р.Алтымышев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин кызматкерлери,  шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугунун алдын алуу кызматынын жана ДОСААФ авто мектебинин  инспекторлору, ата-энелер мектеп окуучулары  катышышты.

    Мындай сынактардын өткөрүлүп турушу окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоодо чоӊ көмөк көрсөтөт. Ошондой эле  2018-жылдын 9-февралында кабыл алынган резолюция мыкты деӊгээлде аткарылып жатат.

  Маалыматты даярдаган Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун                 

Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Максат Мамасыдыков.