Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мен атам менен сыймыктанам

           Ноокен районуна караштуу  № 45 «Беш–Жыгач» негизги  билим  берүүчү  мектебинде 2018-жылдын 21-февралында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Мен атам менен сыймыктанамын” аттуу майрамдык таймаш уюштурулду. Майрамдык таймашты башталгыч классынын мугалими Ч. А. Ахматова уюштурду. Майрамдык таймашка  4-классынын  төмөндөгү  уул балдары жана аталары катышышты.

  1. Мухтаров Арзимбек Назирбекович - окуучу

Алиев Назирбек Мухтаров – атасы

  1. Эргешалиев Тыныбек Тынчтыкбекович - окуучу

Юлчиев Тынчтыкбек Эргешалиевич  - атасы

  1. Абдимажитов Элмурат Курсантбекович - окуучу

Маматов Курсантбек  Абдимажитович  - атасы

  1. Мамасалиев Элмирза Суюнбекович - окуучу

Юлчиев Суюнбек Мамасалиевич - атасы

  1. Эргешбаев Элмурбек Эмилбекович - окуучу

Умаров Эмилбек Эргешбаевич  - атасы

 

“Мен атам менен сыймыктанамын” аттуу майрамдык таймаштын жүрүшүндө:

  1. Саламдашуу.

(Видеороликтен  балалык кыялдар  боюнча ой бөлүшөт)

(Сүрөт аркылуу макал жаратуу)

  1. Келечектеги уулумдун үйү.( сүрөт тартышат)
  2. Меймандостуктун каадасы (кой этин жиликтөө, картошка, пияз, сабиз арчып берүү)
  3. Оюн. (көрдүм, сездим, уктум)
  4. Кыймылдуу оюн: Чакага топту салуу
  5. Мырзалардын таймашы (суроо - жооп)
  6. Үй тапшырма жазып келүү  (уулу менен “Менин Мекеним Кыргызстан” аттуу дил баян жазуу, видеороликтен көрүп жазышат)
  7. Белек жасоо. (түстүү кагаздардан 8-мартка карата белек жасашат).

 

     Майрамдык таймаштын жүрүшүндө окуучулар тарабын  концерттик  тартууланды. Майрамдык  айылдын тургундары  келип катышышты. Таймаштын аягында калыстар тобунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушту.

  1. Алиев Назирбек  - “Эң мыкты ата” номинациясы
  2. Маматов Курсантбек - “Идеалдуу ата” номинациясы
  3. Юлчиев Тынчтыкбек- “Билимдүү ата” номинациясы 
  4. Юлчиев Суюнбек-  “Камкор ата” номинациясы
  5. Умаров Эмилбек - “Боорукер ата”  номинациялары боюнча грамота, белектер  тапшырылды.

 

 

№ 45 “Беш – Жыгач” негизги билим берүүчү

мектебинин профкому Кочкорова Назира